Бишкек, 04.06.2026. /Кабар/. Аба ырайынын ысышы менен дарыгерлер тамактанууга жана суу ичүү режимине өзгөчө көңүл бурууну сунушташат.
Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун адистери билдиргендей, туура рацион организмге келген күчтү азайтууга жана жогорку температураны жеңил көтөрүүгө жардам берет. Ысык аба ырайы адамдын организмине кошумча күч келтирет. Өзгөчө аптапта тер менен бирге суюктук жана маанилүү микроэлементтер сыртка активдүү чыгып кеткендиктен, жүрөк-кан тамыр системасы менен бөйрөктүн иштеши кыйындайт.
Суу балансын кармап туруу үчүн адистер төмөнкүлөрдү сунушташат:
- Суу ичүү ченеми: Дени сак адам үчүн сууну күнүмдүк керектөө ченеми 2–2,5 литрди түзөт. Таңды ач карын бир стакан жылуу суу менен баштоо, ал эми күн ичинде жалбыз же бал кошулган жылуу чай ичүү сунушталат.
- Чектөөлөр: Газдалган суусундуктардан жана алкоголдон баш тартуу сунушталат. Мындай суусундуктар суусунду басууга жардам бербейт жана организмге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
- Тамактануу рациону: Жаңы бышкан жашылча-жемиштерди, көк чөптөрдү жана жалбырактуу жашылчаларды керектөөнү көбөйтүү зарыл. Алар организмдин витаминдерге, минералдарга жана антиоксиданттарга болгон муктаждыгын толтурат.
- Сүт азыктары: Күн сайын йогурт, кефир, быштак жана айран сыяктуу кычкыл сүт азыктарын колдонуу пайдалуу.
- Калорияны бөлүштүрүү: Тузду колдонууну чектөө жана майлуу тамактардын көлөмүн азайтуу керек. Аптапта физикалык активдүүлүк төмөндөгөндүктөн, тамактын эң калориялуу бөлүгү эртең мененки тамактанууга туура келиши керек, ал эми кечки тамак жеңил болууга тийиш.