Бишкек, 22.02.26 /Кабар/. 23-февралдан 26-февралга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Тактап айтканда, тоолуу райондордо, ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу, Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусу, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында, Арал-Суусамыр жолунун 8-21-чакырымдарында, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290 жана Көк-Арт ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.