Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт

Коом 26 июнь 2026 11:30
Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республиканын аймагында сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертет.

Маалыматка ылайык, 27-июндан 30-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошондой эле, дарыялардагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү күтүлөт.