Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт

Коом 22 июнь 2026 14:55
Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.

ӨКМден билдиришкендей, 22-июндан 25-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.