Сак болуңуз! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 09:15
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.32.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 19-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда;
  • Балыкчы – Казарман –Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Унаа жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.