Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Коом 19 май 2026 10:30
Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды жолдордо этият болууга жана мүмкүн болсо үйдөн чыкпай турууга чакырат.