Сак болуңуз! Ашууларда жана жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом Загрузка... 16 Февраль 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-01-21 at 16.26.44 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн унаа жолдорунда кар көчкү түшүү кооптуулугуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 16-февралдан 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Кооптуу тилкелердин тизмеси:

  • Бишкек – Ош унаа жолу: Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу;
  • Суусамыр – Талас – Тараз: Өтмөк ашуусу;
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу: 55-115 чакырымдары;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя: Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка – Акташ: 0-3 чакырымдары;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык: 97-98 чакырымдары;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт: Долон ашуусу;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад: Көк-Арт ашуусу;
  • Каракол – Эңилчек: Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Арал – Миң-Куш жана Арал – Суусамыр 8-21 км тилкелери.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.