Сак болуңуз! Алдыдагы 5 күн ичинде тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Коом 30 июнь 2026 12:00
Сак болуңуз! Алдыдагы 5 күн ичинде тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 1-июлдан 5-июлга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.