Сагынбаев ЕАЭБде эмгек рыногун санариптештирүү боюнча баяндама жасады

Коом 29 Май 2026 17:55
709101664_1456106489892353_4331056428749300483_n.jpg
708178482_1456088003227535_5825721643711083906_n.jpg
708294628_1456087956560873_946764787528318624_n.jpg
708713211_1456103669892635_7806640219281326965_n.jpg
709206095_1456088063227529_2051890778919616470_n.jpg
709325969_1456087989894203_3600122999255238321_n.jpg
Алдыга
Артка
709101664_1456106489892353_4331056428749300483_n.jpg
708178482_1456088003227535_5825721643711083906_n.jpg
708294628_1456087956560873_946764787528318624_n.jpg
708713211_1456103669892635_7806640219281326965_n.jpg
709206095_1456088063227529_2051890778919616470_n.jpg
709325969_1456087989894203_3600122999255238321_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Күн мурун Астана шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев "Санариптик инструменттерди колдонуу менен ЕАЭБдин эмгек ресурстары рыногун өнүктүрүү" аттуу тематикалык сессияда "Кызматкердин санариптик профили: эмгек стажы жана квалификациялар чек арасыз" деген темада баяндама жасады.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган сессия V Евразиялык экономикалык форумунун алкагында өттү.

Министр өз сөзүндө ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногун мындан ары өнүктүрүүдө санариптик трансформациянын маанилүүлүгүн белгилеп, жарандардын эмгек стажы, квалификациясы жана кесиптик компетенциялары тууралуу маалыматтарды бириктирген бирдиктүү система катары кызматкердин санариптик профилин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле ал форумдун катышуучуларына Кыргызстанда социалдык тармакты жана эмгек рыногун санариптештирүү боюнча ишке ашырылып жаткан чаралар тууралуу маалымдады. Атап айтканда, бирдиктүү иш менен камсыз кылуу маалыматтык системасын, электрондук эмгек келишимдерин жана электрондук эмгек китепчелерин киргизүү, ошондой эле "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Жыйынтыгында министр Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу жана эмгек мобилдүүлүгү тармагында санариптик инструменттерди өнүктүрүү маселелери боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен мындан ары да кызматташууга даяр экендигин ырастады.