Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме башталды

Коом Загрузка... 27 Февраль 2026 11:03
643443507_1356113163210503_1719170529510163257_n.jpg

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме башталды.

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берүүдө. Андан кийин минкаб төрагасынын орун басарлары Эрлист Акунбеков реалдуу тармак боюнча, ал эми Эдил Байсалов социалдык маселелер боюнча маалымат берет.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышууда.