Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Санкция киргизүү укугун бир гана БУУга берүү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сөз сүйлөп жатып билдирди.
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сүйлөгөн сөзүндө эл аралык санкциялар системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү сунуштады.
Мамлекет башчысы санкция киргизүү укугун бир гана Бириккен Улуттар Уюмуна берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Өлкө башчысынын айтымында, бул — эл аралык санкциялар системасын жакшыртуунун жалгыз мүмкүн болгон жолу.
“Биринчи кезекте уюм тарабынан бардык санкциялык чараларды алдын ала карап чыгуунун милдеттүү механизмин киргизишибиз керек. Демилгелерди алдын ала карап чыгуу — алардын мүмкүн болгон гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алууга жардам берет. Сунушталган механизмдин маанилүү элементи — ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу болушу зарыл”, — деди президент.
Садыр Жапаров санкция демилгелеген мамлекеттер өздөрүнүн укуктук негиздемесин, чаралардын зарылдыгын, максаттарын жана аларды келечекте кайра алып салуу үчүн критерийлерин так көрсөтүшү керектигин кошумчалады.
Президенттин пикиринде, БУУнун колдоосу астында санкцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды үзгүлтүксүз карап чыгуу үчүн бирдиктүү эл аралык механизмди түзүү максатка ылайыктуу.
“Ошондо гана БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролу күчөп, укуктары кеңеет. Ошондой эле санкцияларды кайсы бир өлкө башка бир өлкөгө каршы өзүнүн саясий же экономикалык пайдасы үчүн колдонуу коркунучу жоголот. Ар бир мамлекет өзүм билемдик кылбашы керек. "БУУ санкция салат" дегенди укканда ар бир мамлекет титиреп турушу зарыл, ошондо гана дүйнөдө катуу тартип орнойт”, - деп белгиледи президент.
Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы учурдагы санкциялар айрым учурларда маанисин жоготуп жатканын белгилеп, БУУнун ар бир чечими дароо жана так аткарылышы керектигин айтты.