Садыр Жапаров: Президенттик шайлоодо эч кимге бут тосуу болбойт

Саясат 156 14 Август 2026 09:50
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу ал журналист Али Токтакуновго маек берип жатып айтты.

Ошондой эле өлкө башчысы шайлоого катышууну каалаган талапкерлер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн белгиледи.

"Баарына жол ачык. Ким барам десе, бара берсин. Биз эч кимди чектебейбиз. Бут тосуу деген болбойт. Шайлоо таптаза өтөт", — деди Садыр Жапаров.