Садыр Жапаров порттогу жарылууга байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты

Президент 27 апрель 2025 23:48
Садыр Жапаров порттогу жарылууга байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.