Жапаров БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону жана курамын кеңейтүүнү сунуштады

Президент 22 сентябрь 2026 23:15
Жапаров БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону жана курамын кеңейтүүнү сунуштады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында сөз сүйлөп жатып, БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону жана анын курамын кеңейтүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы БУУнун жогорку трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө эл аралык коомчулук күтүп жаткан негизги өзгөрүүлөрдүн бири — Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин реформалоо жана анын курамын кеңейтүү экенин баса белгиледи.

Президенттин айтымында, дүйнөлүк аренада калыстыкты камсыз кылуу үчүн глобалдык чечимдерди кабыл алууда бардык региондордун кызыкчылыктары эске алынышы керек.

“1 миллиарддан ашык эли бар Африка континентине эки орунду, ал эми Латын Америка континентине бир орунду туруктуу түрдө берүү — бул адилеттүүлүк болмок деп эсептейбиз”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы заман өзгөргөнүн, ушуга байланыштуу Коопсуздук кеңешине мүчө болууну көздөгөн бир катар өнүккөн өлкөлөрдүн да кайрылууларын кароо зарылдыгын кошумчалады.