Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Садыр Жапаров президент болуп келип, өлкөдөгү эки башкы көйгөйдү колго алды. Биринчиси тартиптин негизинде экономиканы өстүрүү, экинчи коррупцияны жоюу маселеси. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиев “Беш жыл – жаңы доордун башаты” аттуу даректүү тасмада билдирди.
Анын айтымында, ушул эки локомотив менен биз өлкө экономикасын оңдодук.
“Бул жөнөкөй чечимдер эмес. Бул жетекчинин жеке көз карашы, туура жол болду. Мына ыкчам түрдө маселелердин бардыгы чечилип, каржылык механизмдер иштеп жатат. Чынын айтыш керек, коррупция бир топ тоскоолдук кылды. Президенттик башкарууга өткөндөн кийин чечимдерди кабыл алуу, аны тез арада ишке ашыруу маселеси чечилди. Ушул жагынан алганда Садыр Жапаровдун таланты дагы, стратегиялык көз карашы дагы бар. Өзүңөр көрүп жаткандай экономикада, социалдык тармактарда өзгөчө динамика пайда болду.
Ошондой эле социалдык чөйрөдө да бир топ өзгөрүүлөр болуп жатат. Садыр Жапаров өзү мамлекеттик каржыларды көзөмөлдөп, экономикага, элдин турумушуна бурулуш кылып жатат. Натыйжада бир топ маселелер чечилүүдө. Маданият, спорт тармагын алсак, канчалаган стадиондор курулуп элге шарттар түзүлдү”, - деди Муралиев.
Андан тышкары, Муралиев кичи шаарлар заманбап деңгээлге келтирилип, инфраструктурасы, социалдык багыттары, билим тармактары оңолуп жаткандыгын кошумчалады.