Бийликтеги 5 жыл. Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма жарык көрдү

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 14:10
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын президенти кызматындагы беш жылдык ишмердүүлүгүнө арналган “Беш жыл – жаңы доордун башаты” аттуу даректүү тасма тартууланды.

Бул фильм Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы беш жылдык ишмердүүлүгүнүн маанисин ачып берет. Анда өлкөдө жүргүзүлгөн чечкиндүү реформалар, криминал жана коррупцияга каршы күрөш, улуттук байлыктарды элге кайтаруу жана экономикалык өнүгүүдөгү өзгөрүүлөр белгиленет.

Тасма Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы оор сыноолорду жана туруктуу саясаттын жыйынтыктарын чагылдыруу менен, бул беш жыл өлкө үчүн маанилүү бурулуш мезгил болгонун баса белгилейт.