Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Балыкчы – Барскоон жолу эмне үчүн бүтпөй жатканын айтты.
Мамлекет башчысы 2021-жылы Балыкчы – Барскоон жолун оңдоо иши ата мекендик компанияларга берилгенин, бирок арадан 5 жыл өтсө да, дале аягына чыга электигин белгиледи.
Садыр Жапаров жол оңдоо иштери башталганга чейин "Чайна Роуд" компаниясы сунуш киргизгенин, эгерде аларга милдеттенме берилсе, алар эбак жолду салып бүтүрмөктүгүнө токтолду.
"2021-жылы мен кызматка келерим менен Балыкчы – Барскоон жолун оңдоо үчүн сынак уюштурулган. Анда “Чайна Роуд” соодалашып отуруп, 800 миң долларга салып берүүнү айтты. Анткени андан ылдый кылса, сапатына жооп бере албай каларын, өздөрү банкрот болуп каларын белгилешти.
Аларга берели деп жатсак, кыргыз компанияларыбыз, Жолчулар ассоциациясыбыз деп 13 компания келди. Башында Мирлан Исагалиев деген турган. Арасында аксакалдар да бар. Силер 800гө берсеңер алар бизге субподрядчы катары 600гө берет. Километринен 200 миң доллардан чөнтөгүнө салат, пайда көрүп кетет, бизге түздөн-түз бериңиз деп жанымды койбой аркамдан бир жума чуркап туруп алышкандыгынан анан ошолорго бердим.
Эки жылда бүтүрүү керектигин айттым. Макул деп алышты, мына беш жыл болду бүгүн да бүтүрө элек. Акыры былтыр биз банкрот болгон жатабыз, солярка, бензин, битум кымбаттап кетти дешти.
Өкмөт комиссия түзүп, анан баягы 800 миңди 1 млн 300 миңге чейин көтөрүп бердим. Ар бир километрине 500 миң доллардан кошуп бердик. Эгерде, мен ошол кезде эле “Чайна Роудга” бергенимде жолду алар 2022-2023-жылы эле бүтүрүп салышмак", – деп айтты өлкө башчысы.