Садыр Жапаров Абдылдажан Акматалиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Коом 16 январь 2026 23:28
616338264_1448434557291174_1274406420858016282_n.jpg
616178294_1448434580624505_4426524029625285262_n.jpg
616191508_1448434550624508_2189841367842143735_n.jpg
Алдыга
Артка
616338264_1448434557291174_1274406420858016282_n.jpg
616178294_1448434580624505_4426524029625285262_n.jpg
616191508_1448434550624508_2189841367842143735_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев президент Садыр Жапаровдун атынан Абдылдажан Акматалиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Абдылдажан Акматалиев — адабият таануучу, кыргыз фольклорун, “Манас” эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөчү, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн 700дөн ашуун илимий эмгектин автору, илимге эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, II жана III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Куттуктоодо маареке ээсинин кыргыз гуманитардык илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкону белгиленет. Анын манастаануу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жана кыргыз элдик оозеки мурасын изилдөө боюнча эмгектеринин аркасында кыргыз маданияты дүйнөлүк илимий мейкиндикте таанылганы баса көрсөтүлгөн.