Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы өлкөнүн бүткүл дипломатиялык командасынын бир калыптагы, стратегиялык жактан так эсептелген ишинин натыйжасы жана дүйнөлүк коомчулуктун мамлекеттик реформаларга болгон жогорку ишениминин далили болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз билдирди.
Анын айтымында, БУУда шайлоо өтүп жаткан маалда ЮНЕСКОдогу бардык элчилер Италиянын Республика күнүнө карата чогулушкан. Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жеткени жарыяланганда, ар тараптан келген дипломаттар аны куттукташкан.
"Бул шайлоо глобалдык масштабда эбегейсиз мааниге ээ. Анын жүрүшүнө Францияда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү элчилер көз салып турушту. БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлануу зор аброй. Мамлекет мындай шайлоодо ушунча көп добуш менен өлкөнүн өзүнө, анын стратегиясына жана келечегине болгон жогорку ишеним жаралган учурда гана жеңишке жете алат", — деди ал.
Элчи бул жеңиш президент Садыр Жапаров баштаган, тышкы иштер министри жетектеген, Кыргызстандын БУУнун Нью-Йорктогу туруктуу өкүлү Аида Касымалиева баштаган дипломатиялык команданын, ошондой эле бардык элчилердин жана дипломатиялык каналдардын тыгыз, ынтымактуу, стратегиялык жана тактикалык ишинин натыйжасы экенин баса белгиледи.
Садык Шер-Нияз бул тарыхый окуя экенин кошумчалады. Кыргызстандын өз тарыхында биринчи жолу мындай абройлуу органга шайланышы өлкө үчүн гана эмес, бүткүл Борбор Азия жана түрк дүйнөсү үчүн экономикада жана саясатта чоң позитивдүү өзгөрүүлөрдүн кабарчысы болуп саналат.
Дипломат бул таасирдүү органга кирүүгө чейин эле Кыргызстан башка эл аралык түзүмдөрдө өзүнүн туруктуу жана күчтүү позициясын көрсөткөнүн эске салды.
"Өткөн жылы Кыргызстандын ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине кайра шайланышы да биздин аброюбузду тастыктаган. Эл аралык уюмдар Кыргызстанга добуш берип жатышканынын себеби өлкө өзүн татыктуу, демилгелүү жана ачык-айкын өнөктөш катары көрсөтө алды. Бул Кыргызстандын экономика, эл аралык мамилелер жана адам укуктарын коргоо жаатындагы жетишкендиктерине көп жылдык байкоолордун жыйынтыгы. Кыргызстан бул миссияны татыктуу аткарарына терең ишенем", — деп жыйынтыктады элчи.