Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Кыргызстандагы акыркы 5 жылдагы өнүгүүлөр ички саясаттын туура жолдо бара жатканынын белгиси. Бул тууралуу ортопед, академик Сабырбек Жумабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, медицина тармагын эле ала турган болсок, экономиканын өсүшүнө жараша бул тармакта ири өзгөрүүлөр, жаңылануулар болууда.
“2025-жыл медицина тармагынын жылы болот деп президенттин ага чейин айткан сөзү бар эле. Айтылгандай, былтыр 30дан ашык жаңы медициналык объектилер салынып бүттү. Андан тышкары, 30дан ашык чоң медициналык жайлар курулууда. Бул да бүгүнкү күндө биздин ички саясатыбыздын туура жолдо бара жатканын белгиси болуп эсептелет”,- деди Жумабеков.
Ошондой эле акыркы жылдардагы өлкөдөгү экономикалык жетишкендиктерге токтолду.
“Мамлекетибиздин казынасы 3 эсе өстү. Бул көрсөткүч учурда коңшу мамлекеттерге, жалпы дүйнөдөгү өсүп-өнүгүп жаткан мамлекеттерге салыштырмалуу жогорку деңгээлде баратат”,- деди ал.