Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында “Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүүсү” аталышындагы семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, аймактык долбоорлорду колдоо, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты түшүндүрүүгө багытталды.
Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров аймактардын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
“Ош облусу экономикалык, өнөр жай жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири аймактардын бири болуп саналат. Биздин максат жергиликтүү бизнес менен тыгыз кызматташуу аркылуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуу. Мындай жолугушуулар көйгөйлөрдү жеринде талкуулап, аларды чечүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал.
Семинардын жүрүшүндө инвестициялык климат, “бирдиктүү терезе” механизми, инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чаралары жана кепилдиктер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвесторлордун кайрылууларын кароо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бизнес коомчулук, тармактык мекемелер жана эл аралык өнөктөштөр катышты.
Жыйынтыгында инвестициялык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн кызматташуусун чыңдоо жана аймакка инвестицияларды тартуу боюнча сунуштар айтылды.