Сабиров: 2025-жыл өлкөнүн инвестициялык архитектурасын өнүктүрүүдө жаңы этап болду

Коом Загрузка... 15 Декабрь 2025 17:15
3.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев инвестиция тартууну стратегиялык приоритет жана туруктуу өсүштүн, жумуш орундарын түзүүнүн жана экономиканы модернизациялоонун ачкычы катары карайт, - деди Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров "Инвестиция вектору: мамлекет жана бизнес" форумунда.

Ал Кыргызстан географиялык жана тарыхый жактан Улуу Жибек жолунда жайгашып, Чыгыш менен Батышты бириктирип турарын белгиледи.

"Бүгүн биз бул артыкчылыкты колдонууга, заманбап транспорттук, энергетикалык жана санариптик каттамдарды түзүүгө умтулуп жатабыз. 2025-жыл Кыргызстандын жаңы инвестициялык архитектурасынын калыптанышында маанилүү этап болду. Август айында инвесторлор менен иштөөнүн эл аралык жана ачык-айкын принциптерин бекиткен "Инвестициялар жөнүндө" жана "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Алардын негизинде — мыйзам үстөмдүгү, адилеттүүлүк, айкындуулук жана ачыктык, инвестициялык ишмердүүлүктүн эркиндиги, инвестордун ак ниеттүүлүк божомолу, ошондой эле инвестицияларды коргоо кепилдиктери турат", — деп баса белгиледи ал.

Сабиров президенттин 12-декабрдагы "Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, инвестицияларды мамлекеттик башкаруунун сапаттык жаңы модели аныкталганын билдирди.

"Улуттук агенттиктин статусунун жогорулашы өлкөдө инвестициялык процесстерди стратегиялык башкаруу үчүн жооптуу болгон бирдиктүү компетенция борбору түзүлгөнүн билдирет. Биз чачыранды ыкмадан инвестицияларды коштоп жүрүүнүн борборлоштурулган жана кесипкөй системасына өтүүдөбүз. Бул ишенимди бекемдөө жана алдын ала болжолдоого боло турган ишкердик чөйрөнү түзүү үчүн негизги кадам болуп саналат", — деди ал.