Өрттү өчүрүүгө жардам беришкен. ӨКМде кытайлык жолчулар сыйланды

Коом 20 ноябрь 2025 11:34
585461450_1247950417377682_1702593931745407433_n.jpg
586022256_1247949864044404_8171747884910048128_n.jpg
586267831_1247949867377737_7056099778412133061_n.jpg
587033135_1247949914044399_1915239975205085177_n.jpg
Алдыга
Артка
585461450_1247950417377682_1702593931745407433_n.jpg
586022256_1247949864044404_8171747884910048128_n.jpg
586267831_1247949867377737_7056099778412133061_n.jpg
587033135_1247949914044399_1915239975205085177_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов Кытайдын China Railway International компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, алар Тогуз-Торо районундагы өрттү өчүрүү иштерине жардам беришкен.

Министрдин орун басары жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгына токтолуп, Кыргызстандын жол курулушуна зор салым кошуп жаткан кытай жолчуларына ийгилик каалады.

Ошондой эле ал жайлоодогу өрттү өчүрүүгө жардам бергендигине ыраазычылык билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сыйлыктары менен сыйлады.

Эске салсак, 2025-жылдын октябрь айында Тогуз-Торо районунун Кара-Көң жайлоосунда болжол менен 10 гектар аянты өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөргө кошумча ошол аймакта иштеп жаткан China Railway International кытай компаниясынын 45 жумушчусу жардам берип, жайыттын калган аянты тилсиз жоодон сакталып калган.