Кара-Балтада таштанды япон ыкмасы менен кайра иштетиле баштайт

Коом 21 Апрель 2026 12:40
674873609_951742684145528_2648295467334513461_n.jpg
674231400_951742657478864_7215614383016367299_n.jpg
675908301_951742457478884_2894196450554607884_n.jpg
675926365_951742370812226_300769317196747031_n.jpg
675999131_951742377478892_2221950140324476257_n.jpg
676039815_951742374145559_3949648278724972732_n.jpg
677772873_951742577478872_1397443879731579901_n.jpg
678225228_951742464145550_1815937920381624088_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Кара-Балта шаарында Япониянын "Фукуока" технологиясын колдонуу менен заманбап таштанды полигонун куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, долбоор экологиялык жүктөмдү кескин азайтууга жана таштандыларды башкаруунун заманбап стандарттарына өтүүгө багытталган.

Бүгүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Япон фондунун өкүлдөрү менен болгон жумушчу жолугушууда долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анын ичинде "Фукуока" технологиясын киргизүү, гранттык каржылоону тартуу жана техникалык колдоо көрсөтүү каралды.

Аталган технология таштандылардын табигый ажыроо процессин тездетип, уулуу фильтраттардын пайда болушун азайтат жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын алдын алат. Салттуу полигондордон айырмаланып, ал өзүнөн-өзү өрттөнүү коркунучун минималдаштырат жана жагымсыз жыттардын жайылышын кыйла азайтат.