Сууктун түшүшү менен Кыргызстанда өрт кырсыгы кескин көбөйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын башынан бери 2 700дөн ашык өрт кырсыгы катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 38 пайызга көп.
Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Мукановдун айтымында, жыл башынан бери өрт кырсыгынан 34 адам каза болгон. Кырсыктардын көбү күз-кыш мезгилинде тургундар меш, жылыткыч, электр шаймандарын активдүү колдонуу эрежесин бузуудан келип чыгат.

"Өрт коркунучу жогору болгон мезгилде күн сайын 20-30га чейин чакыруу түшөт. Өрттүн негизги себептери — кыска туташуу, мештердин (от казандардын) бузулушу, тамеки тартуудагы этиятсыздык жана балдардын тентектиги. Биз калк арасында, өзгөчө жылытуу мезгили алдында дайыма алдын алуу иштерин жүргүзөбүз, ошондой эле кызматкерлерибиздин иш-аракеттерин бышыктоо үчүн өрт-тактикалык машыгууларды өткөрөбүз", — деп белгиледи Муканов.
Оштогу ири өрттөр – эскертүү белгилери
Акыркы күндөрү эле өлкөнүн түштүгүндө эки ири өрт кырсыгы катталды. Алардын бири 19-октябрда Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатыры күйгөн. Өрт болжол менен 2000 чарчы метрди каптады; бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себептерин иликтөө үчүн министрдин орун басары Эрнест Жусуповдун жетекчилиги астында атайын комиссия түздү. Суу гидранттарынын оңдугу жана өрт коопсуздугу талаптарынын сакталышы текшерилип жатат.
Окуяга президент Садыр Жапаров реакция кылып, Ош мэриясына үйдүн чатырын калыбына келтирип, жабыркаган батирлерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоп берүүнү тапшырды.
Бирок, арадан 3 күн өтпөй, шаарда кайрадан трагедиялуу окуя катталды. 22-октябрда өрттүн кесепетинен 34 жаштагы аял жана анын 2, 6, 9, 11 жана 13 жаштагы беш баласы каза болду.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт саат 03:30 чамасында үйдүн жер төлөсүнөн башталып, кыска убакыттын ичинде чатырга жайылган. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеди. Ошондой эле шаар мэри Жеңишбек Токторбаев да жерине барган. Трагедиянын себептери иликтенүүдө.

Садыр Жапаров каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, мамлекеттик органдарга аларга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тармактык министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын жана өрттөрдүн алдын алуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.
Бул окуялар – өрт коопсуздугунун жөнөкөй эрежелерин бузуу адам өмүрүнө зыян алып келерин эскерткен ачуу чындык.

Өрттүн алдын алуу
Кырсыктан сактануу үчүн куткаруучулар жөнөкөй, бирок өтө маанилүү эрежелерди сактоого чакырат:
- Бузулган розеткаларды, өчүргүчтөрдү жана электр зымдарын колдонбоңуз.
- Бир розеткага бир нече кубаттуу шаймандарды кошуп, ашыкча жүктөбөңүз.
- Колго жасалган электр жылыткычтарды колдонбоңуз.
- Мештерди жана жылыткычтарды оң абалда колдонуңуз, аларды эмеректерден жана пардалардан коопсуз аралыкта жайгаштырыңыз.
- Лампаларды жана жарык берүүчү приборлорду кагаз, кездеме же башка тез күйүүчү материалдар менен оробоңуз.
- Үйдөн чыгып жатканда газ жана электр приборлору өчүрүлгөнүн текшериңиз.
- Эч качан төшөктө, өзгөчө мас абалында тамеки чекпеңиз.
Эсиңизде болсун, бир учкун, бир этиятсыз кыймыл — үйүңүздүн бир нече мүнөттүн ичинде күйүп кетише алып келет.
Өрт учурунда эмне кылууга болбойт
Эгер кырсык болуп кетсе, эң негизгиси – дүйрбөлөңгө түшпөй, өзүңүздү токтоо кармаңыз. Дүрбөлөң – эң жаман кеңешчи.

Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өз күчүңүздү ашыкча баалап, мүлк үчүн өмүрүңүздү тобокелге салууга;
- өрт өчүрүүчүлөрдү чакырбай туруп отту өз алдынча өчүрүүгө аракет кылууга;
- токко сайыла турган электр приборлоруна суу чачууга;
- кампаларга, шкафтарга, керебеттин астына жашынууга.
- эшик жана терезелерди ачууга – бул кычкылтектин киришин күчөтүп, жалынды өрчүтөт;
- лифти колдонууга же колдо болгон аркан-жиптер менен ылдый түшүүгө;
- жогорку кабаттардын терезелеринен секирүүгө.
Өрттүн алгачкы белгилери байкалар замат тез арада 101 же 112 номерине чалыңыз, кырдаалды тез баалап, имараттан чыгып кетиңиз. Мүмкүн болсо, кошуналарга, өзгөчө балдарга жана улгайган адамдарга жардам бериңиз.

Бир мүнөт баарын чечет
Өрт кайда жана качан чыгаарын тандабайт. Кырсык күтүүсүздөн жана көбүнчө биздин этиятсыздыгыбыздан улам пайда болот.
Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо – бул жөн гана формалдуулук эмес, бул өмүр менен өлүм маселеси.
Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар.