Роза Айтматова: Мухтар Шаханов – эки элди бириктирген руханий көпүрө болчу

Коом Загрузка... 20 Апрель 2026 13:25
2014-12-11_11-30-45_330715_w.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Коомдук ишмер, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кыргызстан менен Казакстандын эл акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу көңүл айтты.

Айтматова Шаханов – кыргыз-казак элдерин бириктирген руханий көпүрө болгонун белгиледи.

"Ардактуу казак элим! Бүгүн сиздер үчүн гана эмес, кыргыз эли үчүн да оор жоготуу болду. Анын эмгеги биздин алдыбызда эбегейсиз зор. Ал көп жылдар бою эки элдин ортосунда руханий көпүрө болуп, чыныгы элчи катары кызмат кылды. Ал бир гана казак элинин эмес, кыргыз элинин да урмат-сыйына татып, "Эл акыны" деген бийик наамга татыктуу болду.

Анын ички дүйнөсү терең, аң-сезими бийик, адамдык наркы улуу эле. Ал өз чыгармалары аркылуу адамзаттын абийирин ойготуп, элдин руханий дүйнөсүн байыткан акындардын бири болуп эсептелет.

Биздин үй-бүлө үчүн ал абдан жакын адам болчу. Көп жылдар бою Чыңгыз Айтматов агам менен калемдеш, санаалаш, замандаш болуп, бир доордун руханий жүгүн бирге көтөрүштү. Артынан зор адабий мурас калтырды.

Анын жаркын элеси, ак сөзү жана элдерди бириктирген асыл мурасы биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Казак элинин азасын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун", - деп жазды ал.