Россиянын ЖККУга төрагалык кылуусунун артыкчылыктары каралды

Саясат Загрузка... 10 Февраль 2026 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Москвада ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен Россиянын коргоо министри - ЖККУнун Коргоо министрлеринин кеңешинин төрагасы Андрей Белоусов жолукту.

Уюмдун жоопкерчилик аймагындагы жана анын чек араларындагы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча кеңири пикир алышуу болуп, союздаштардын аскердик потенциалын чыңдоо көйгөйлөрү талкууланды.

Таалатбек Масадыков Андрей Белоусовго үстүбүздөгү жылга пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда Россиянын 2026-жылы ЖККУга төрагалык кылуусунун артыкчылыктарын ишке ашырууга Россиянын Коргоо министрлигинин мамилеси каралды.

"Аскердик-саясий кырдаал татаал шартта, Уюмдун келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга адекваттуу жооп берүүгө даярдыгын камсыз кылуу боюнча ишти улантуу маанилүү", – деп баса белгиледи РФтин коргоо министри.

Андрей Белоусов ошондой эле Таалатбек Масадыковду ЖККУнун Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын бул кызматта болуусу Уюмду мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.