Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. "Чет өлкөдөгү россиялык мугалим” программасынын алкагында өлкөнүн 42 мектебинде Россиядан келген 157 мугалим эмгектенип жатат. Бул тууралуу Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин президент Садыр Жапаров менен кеңири курамда сүйлөшүү учурунда белгиледи.
Россия президенти Кыргызстан жетекчилигинин өлкөдө расмий макамы бар орус тилин колдоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын жогору баалаарын билдирди.
"2023-жылы биз сиздер менен биргеликте Кыргызстанда окуу орус тилинде жүргүзүлгөн 9 орто мектеп куруу боюнча биргелешкен долбоорду баштаганбыз. Алардын алгачкы үчөөнү 2027-жылдын 1-сентябрында ачууну пландап жатабыз”,-деди Путин.