Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Асман" экологиялык шаарын куруу инвестициялык долбоорунун ишке ашырылышы менен жеринен таанышты.
Агенттиктен билдиришкендей, жумушчу сапардын алкагында долбоордун аянтчасына "Ак Барс" холдинг компаниясынын башкы директору, Татарстандын Мамлекеттик советинин депутаты Иван Егоров да барды.
Тараптар "Асман" шаарынын концепциясын, долбоордун учурдагы абалын жана аймакты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле орусиялык инвесторлордун долбоорго катышуу мүмкүнчүлүктөрү жана мындан аркы кызматташтык каралды.
Белгилей кетсек, Татарстандын раиси Рустам Минниханов баштаган делегация VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышуунун алкагында Ысык-Көлгө келген.