Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Германиянын мамлекеттик органдарынын, ишкер чөйрөсүнүн жана тиешелүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин 6-жыйыны өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасы, Ишкердик кеңешинин кыргыз тараптан тең төрагасы Адылбек Касымалиев ачты.
Жыйынга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, ишкер чөйрөсүнүн жана тиешелүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар Германиянын инвестицияларын тартуу, заманбап технологияларды киргизүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Кызматташтыктын негизги багыттары катары энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарба жана кайра иштетүү, санариптештирүү жана IT, жашыл экономика, туризм, транспорт жана логистика белгиленди.
Мындан тышкары, кыргыз продукциясын Германиянын жана Европа биримдигинин рынокторуна чыгарууну кеңейтүү, бизнес-форумдарды, ишкердик миссияларды жана B2B жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
Тараптар кыргыз-герман экономикалык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана жетишилген макулдашууларды жаңы инвестициялар жана биргелешкен долбоорлор аркылуу ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.