Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда инвестициялык климаттын туруктуу жакшырышы байкалууда. Бул тууралуу КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, агенттиктин негизги милдети – инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, инвесторлорду колдоо, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдерин өнүктүрүү.
Инвестициялардын өсүшү жана долбоорлордун портфелинин кеңейиши
Сабиров өткөн жылы инвестициялардын көлөмү 1 млрд доллардан ашканын маалымдады. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле инвестициялар 21,7 пайызга өстү. Ошол эле учурда МЖӨ долбоорлорунун саны 90го жетсе, анын 60ы азыртан эле ишке ашырылууда.
Ал белгилегендей, акыркы беш жылда жүздөгөн социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор – мектептер, бала бакчалар жана башка объекттердин курулушу ишке ашырылды, бул инвестициялык чөйрөнүн жакшырышынын түздөн-түз натыйжасы.
Кыргызстан ИДПнын өсүшү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарында
Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылдын жыйынтыгы менен ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Сабиров бул натыйжаларга инвестициялар олуттуу салым кошуп жатканын баса белгиледи.
Өлкө Россия, Кытай, Түркия жана башка мамлекеттерден инвесторлорду тартууда. Инфраструктура, медицина жана туризм, ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол магистралын курууга байланыштуу долбоорлор өзгөчө кызыгууну жаратууда.
Инвестициялар тууралуу жаңы мыйзам
Сабиров 2025-жылдын 12-августунда "Инвестициялар жөнүндө" КР мыйзамы кабыл алынганын, анда биринчи жолу мыйзам деңгээлинде инвесторлордун кепилдиктери жана укуктарын коргоо бекитилгенин эске салды.
"Буга чейин инвестициялык кепилдиктер өкмөттүн токтому менен гана камсыздалып келген. Учурда түз жана кыйыр инвестицияларды тартуу, туруктуулукту жана алдын ала божомолдорду камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзгөн мыйзам иштеп жатат", - деп белгиледи ал.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөгү олуттуу жылыш
Эгерде 2022-жылы болгону 3 мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору ишке ашырылган болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 90го жетип, учурдагы инвестициялык портфель 434 млрд сомго жакындап калды.
Эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү
Кыргызстандын эркин экономикалык аймактарында импортту алмаштыруучу өндүрүш менен алектенген 300дөн ашык ишкана иштеп жатат.
"Мурда импорттоого туура келген продукция азыр өлкө ичинде өндүрүлүп, Made in KG бренди чет өлкөгө экспорттолуп жатат", — деп баса белгиледи Сабиров.
Ири инвесторлорду колдоо
Ал билдиргендей, 1 млрд сомдон ашык каражат салган стратегиялык инвесторлорду тартуу үчүн түз келишимдер, салыктык жеңилдиктер жана бажылык артыкчылыктар каралган. Керектүү документтер тармактык министрликтер тарабынан жеңилдетилген тартипте жол-жоболоштурулат.
Меймандостук – инвестициялык саясаттын бир бөлүгү
"Ар бир инвесторго жакшы мамиле кылышыбыз керек. Биз алардын кызыгуусун арттыруу жана өлкөбүзгө болгон сүйүүсүн бекемдөө үчүн өз салтыбызды, маданиятыбызды жана меймандостугубузду көрсөтө билишибиз керек", — деди Равшанбек Сабиров.