Россияга барууну пландап жатасызбы? Жаңы эрежелерди билип алыңыз

Коом Загрузка... 02 Июнь 2026 10:05
4-1-1.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россияга КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу Россиянын аймагына кирүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • App Store же Google Play аркылуу RuID мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
  • паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү;
  • сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү;
  • жеке кабинетке өзүнүн сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;
  • кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу. QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот.

Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Ал эми жакын тууганынын оор илдетке чалдыгуусу же каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды кирүүгө чейин кеминде 4 саат мурда тапшырууга жол берилет.

Ал эми Россияга кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациясынан өтүү талабы күчүндө калат. Ал жарандарды сүрөткө тартууну жана манжа издерин алууну камтыйт.

"Ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырган кесипкөй айдоочулары үчүн Россияда убактылуу болуу мөөнөтү узартылганы белгиленет. Эгерде алар Россияга кирүүнүн жана өлкө аймагында жүрүүнүн (же жашоонун) максаттары жөнүндө белгиленген тартипте арыз беришсе, алардын убактылуу жүрүү мөөнөтү бир календардык жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылат", - деп айтылат маалыматта.