Россияга чет элдик жарандардын кирүүсүнүн жаңы тартиби сыноодон өтүүдө

Коом Загрузка... 12 Август 2025 15:39
WhatsApp_Image_2025_kwQt8Sr.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунан тартып Россияга кирүү жана чыгуунун жаңы эрежелерин жана шарттарын сынап көрүү боюнча эксперименттин 2-этабы жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Консулдук департаменттин директорунун орун басары Бакыт Кадыров билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлүк жарандар үчүн визасыз тартипте кирүүнүн алкагында, Россияга кирүү жана болуу (жашоо) максатында "ruID" мобилдик тиркемеси аркылуу арыз берүү каралган.

"Россия тарап "RuID" тиркемеси аркылуу Россияга кирүүгө мындай арызды берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөрүн жана бул Россияга кирүүдөн баш тартууга негиз болбой турганын маалымдады. Бул маселе боюнча Кыргызстандын жарандарынан азырынча эч кандай сигналдар түшкөн жок.

Россиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, чет өлкөлүк жарандын Россияга кирүү максатында мындай арыз берүүсү, биринчи кезекте, чет өлкөлүк жаран жөнүндө маалыматтардын жыйындысын чагылдырган анын санариптик профилин түзүү үчүн зарыл", - деди ал.

Белгиленгендей, чет өлкөлүк жарандын санариптик профилинин болушу келечекте анын Россиянын мамлекеттик органдары жана уюмдары менен толугу менен электрондук түрдө өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.