ТИМ: Россияга кирүүнүн жаңы тартиби боюнча эксперименттин II этабы башталды

Коом Загрузка... 08 Июль 2025 09:42
163094.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. 30-июндан тарта Россияга кирүүнүн жаңы тартиби боюнча эксперименттин экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясынын чек арасынан өтүүнү пландаган убактан кечиктирбестен 72 саат мурда RuID мобилдик тиркемеси аркылуу катталуусу зарыл.
Бул үчүн төмөнкү шилтемелер аркылуу тиркемени жүктөп алса болот:

Каттоо учурунда өлкөдөн чыгуучу мамлекетти, сапардын максатын жана күндөрүн, бара турган аймактарды көрсөтүү, биометриялык маалыматтарды (беттин сүрөтү, паспорттун сүрөтү жана үн) берүү талап кылынат. Эгерде сапарга балдар менен чыгуу пландалса, алардын да маалыматтары кошумча киргизилет.

Көрсөтүлгөн маалыматтар толтурулгандан жана өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөр, тагыраак айтканда "кара тизмеде" бар-жогу текшерилгенден кийин чет өлкөлүк жарандын сапары электрондук түрдө авторизациядан өтөт. Дарылануу, оор оорулуу болуу, жакынынын каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды чек арадан кирүүдө 4 саат мурда берүүгө болот.

Каттоо жарандын санариптик профилди түзүү, СНИЛС жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ДМС) алуу, ошондой эле SIM-карта сатып алуу үчүн талап кылынат.

Россияга кирүү боюнча жаңы эрежелер тууралуу маалымат берүүчү видеоролик менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот: https://www.youtube.com/watch?v=eNCLxlFKyhM

Россиянын мамлекеттик чек арасын өтүүдө мүмкүн болгон көйгөйлөрдөн алдын алуу максатында Кыргызстандын жарандарына жаңы тартип менен алдын ала таанышып чыгуу жана  ал эми жогоруда көрсөтүлгөн тиркемеде каттоонун жоктугуна байланыштуу кирүүгө тыюу салынган учурлар тууралуу ыкчам маалымат берүү сунушталат.

Байланыш үчүн телефондор:

  1. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002 (WhatsApp/Telegram) же "Электрондук консул" порталы аркылуу кайрылуу: e-consul.gov.kg
  2. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору: +996 224 550 332, +996 227 550 332, 1899, сайт: https://migrant.kg