Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин бойлой жер үстүндөгү транспорт системасын — монорельс куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул маселе шаар мэринин орун басары Рамиз Алиевдин Кытайдын BYD компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды.
Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда долбоордун техникалык мүмкүнчүлүктөрү, Бишкектин климаттык шарттарына ылайык куруу жана пайдалануу өзгөчөлүктөрү, ошондой эле каржылоо жолдору каралды.

Компаниянын өкүлдөрү SkyShuttle автоматташтырылган транспорт системасын тааныштырышты. Ал борбор калаанын коомдук транспортун өнүктүрүүдө заманбап чечимдердин бири катары сунушталды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келечектеги каттамдын багытын биргелешип изилдөө жана долбоорду мындан ары иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча макулдашылды.
Белгилей кетсек, долбоор азырынча талкуулоо жана изилдөө баскычында. Анын ишке ашырылышы боюнча акыркы чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат берилген жок.