Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргызгидромет кызматына таянып, айдоочуларды жолдо этият болууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда республиканын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. 10-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, 11-ноябрда ал карга айланат, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн. Ал эми тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Ал эми 11–13-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталат:
- Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуу, күндүз 2…7° жылуу;
- Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 0…-5° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуу;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө: түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу;
- Ысык-Көл ойдуңунда: түнкүсүн -4° сууктан …+1° жылуу, күндүз 3…8° жылуу;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында: түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз 2…7° жылуу;
- Республиканын тоо этектериндеги райондорунда: түнкүсүн -1…-6° суукка чейин, күндүз -4° сууктан …+1° жылуу;
- Тоолуу райондорунда: түнкүсүн -4…-9° суукка чейин, күндүз -3° сууктан …+2° жылуу;
- Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда: түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7° суукка чейин төмөндөйт.
Аба ырайынын мындай шарты жолдордо көрүү аралыгын начарлатып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратышы ыктымал. Буга байланыштуу министрлик айдоочуларга төмөнкү коопсуздук эрежелерин катаал сактоону эскертет:
- Унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоо;
- Ылдамдыкты жолдун абалына жараша тандоо;
- Кышкы дөңгөлөктөрдүн абалын текшерүү;
- Алыскы жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалына өзгөчө көңүл буруу.
"Урматтуу айдоочулар! Жол кыймылынын эрежелерин так сактап, аба ырайынын шарттарын эске алуу менен жолго чыгыңыздар", — деп айтылат маалыматта.