Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Россияда багуучусунан айрылган кыргызстандыкка 2 млн сом кенемте өндүрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын жараны багуучусун жоготкондугуна байланыштуу тиешелүү төлөм алуу маселеси менен Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнө кайрылган. Бул өтүнүчтүн негизинде Россиянын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жана юридикалык иштерди жүргүздү.
Натыйжада 10-мартта Россиянын Социалдык фонду тарабынан жаранга 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку социалдык төлөм берилди.
Мындан тышкары, каза болгон жарандын жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.