Россияда 18 кыргызстандыктын 1,6 млн рубль эмгек акысы өндүрүп берилди

Коом Загрузка... 02 Июнь 2026 11:20
712703809_1459987539504248_4446626797096842166_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерди улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, анын алкагында өкүлчүлүктүн кийлигишүүсү менен Кыргызстандын 18 жаранына Россиядагы "Приоритет" ЖЧКсынан эмгек акы боюнча топтолгон карыздарын өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында жумушчуларга төлөнүп берилген каражаттардын жалпы суммасы 1 млн 648 миң 300 рублди түздү.