Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкөдө туризмди өнүктүрүүнү колдойт

Коом 1471 03 Март 2025 18:06
turizm.jpg
481792487_667895525902123_3813390208481814435_n.jpg
481245760_667895652568777_8834398703456867255_n.jpg
482067127_667895639235445_4097873394120407308_n.jpg
Алдыга
Артка
turizm.jpg
481792487_667895525902123_3813390208481814435_n.jpg
481245760_667895652568777_8834398703456867255_n.jpg
482067127_667895639235445_4097873394120407308_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташтык тууралуу макулдашты.

Туризмди өнүктурүүнү колдоо фондунун президенти Кылычбек Рысалиев мамлекет туризмди өнүктүрүүгө багыт алганын жана эки фонддун ортосунда кол коюлган меморандум туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.

Ошондой эле ал маалымдагандай, Кыргызстан Туризм фонду аркылуу Россия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Корея менен бирге Тоо курортторунун альянсына кошулууга даяр экенин бергиледи.

РК ӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков фонд туризм тармагында 61 млн долларга бааланган 221 долбоорду жактырганын билдирди.

Ал кошумчалагандай, биргелешкен иштешүү туристтик кластерлерди өнүктүрүү боюнча жалпы концепцияны түзүү жагынан да пайдалуу болот.
Ошондой эле Артем Новиков келишимдерди түзүү, тобокелдиктерди баалоо жана инвесторлорду тартуу боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Тараптар тоо туризминин, жана экологиялык туризмдин өнүгүүсүнө кызыгуусун билдиришти.

Мындан тышкары, туризмди өнүктүрүү фонду даярдаган долбоорлор тууралуу сөз болду.