Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кандай долбоорлор артыкчылыктуу экенин айтты

Коом Загрузка... 18 Октябрь 2025 10:41
WhatsApp Image 2025-10-17 at 18.28.47.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 18.10.25. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде фонд үчүн кандай долбоорлор артыкчылыктуу экенин айтып берди.

"Бүгүнкү күндө энергия тартыштыгы бар экенин баарыбыз түшүнөбүз. Ошондуктан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын, жалпысынан электр энергиясын өндүргөн бардык объекттерди куруу боюнча долбоорлор биздин негизги артыкчылыгыбыз болуп саналат. Бул багытта биз 2022-жылы активдүү иштей баштадык. Ошондо бизге масштабдуу тапшырма коюлган.

Учурда 16 ГЭСтин курулушун каржылап жатабыз, алардын ичинен 8и ишке берилди. 2025-жылдын өзүндө эле 4 станцияны ишке киргиздик. Кийинки жылы дагы 5 генерациялоочу объектини ишке берүү пландалууда. Булардын арасында чакан, орто жана ири өлчөмдөгү станциялар бар. Биз бардык ишибизди өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн президент тарабынан белгиленген негизги артыкчылыктарга таянып жүргүзөбүз", - деди ал.

Анын айтымында, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду министрлер кабинетине жана президентке отчёт берет.

“Биз мамлекеттин экономикалык өнүгүү системасынын кичинекей тетигибиз жана биздин ишмердүүлүк албетте жалпы экономикалык өнүгүү саясаты менен шайкеш келиши керек”, - дейт Новиков.