Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Россия Кыргызстандын 134 жаранына пенсия чектеди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагында иштеп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандар пенсиялык укуктарга ээ болушту. Бул келишим Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларусь өлкөлөрүнүн ортосундагы эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоого багытталган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Социалдык фонду тарабынан 163 жаранга пенсия чектөө чечими кабыл алынды.
Алардын ичинен:
- Россиянын 146 жаранына: анын ичинде 14 адам Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык пенсияга чыкса, 5 жарандын төлөмдөрү узак убакыт бою алынбагандыгына байланыштуу убактылуу токтотулган.
- Казакстандын 14 жаранына: анын ичинен 3 адамдын пенсиясы өз арызынын негизинде токтотулду.
- Беларустун 2 жаранына: алардын бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча пенсия алууда.