Roblox: Балдардын сүйүктүү оюнунун артында кандай коркунучтар жашырылган?

Коом Загрузка... 08 Декабрь 2025 14:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Баласы бар ар бир ата-эне “Roblox” оюну тууралуу кабардар. Бул оюн учурда дүйнө жүзү боюнча өтө кеңири тараган. Аны күн сайын миллиондогон балдар ойнойт. Аталган оюн көпчүлүк балдардын сүймөнчүгүнө айланып, ага кызыкпаган бала дээрлик жок. Мындай көрүнүш ар бир адамда “Бул кандай оюн?” деген суроону жаратпай койбосо керек.

роблокс 3.webp

“Roblox” оюну кандай оюн?

“Roblox” – бул жөн гана оюн эмес, ал оюндардын платформасы. Анда колдонуучулар өз оюндарын жаратып, башка адамдар жараткан оюндарды да ойной алышат. Платформада миллиондогон оюндар жайгашкан, аларды жөнөкөй адамдар, ошондой эле профессионалдуу студиялар да түзүшөт.

Roblox аларга оюн түзүү үчүн керектүү куралдарды, акча табуу мүмкүнчүлүгүн, инфраструктураны жана кеңири аудиторияга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, платформанын аудиториясы өтө чоң. Күн сайын Roblox'ко 151 миллион колдонуучу кирет. Алардын басымдуу бөлүгү жаш өспүрүмдөр. Колдонуучулардын болжол менен 40 пайызы 13 жашка чыга элек.

роблокс 1.webp

Платформанын келип чыгуу тарыхы

Roblox платформасынын жаратуучулары америкалык ишкерлер Дэвид Басзукки жана Эрик Кассель. Ал 2000-жылдардын ортосунда чыгарылып, бирок анда популярдуулуккка ээ болгон эмес. Платформа дүйнө жүзүндө кийинчерээк COVID -19 пандемиясы учурунда балдар карантинде отурганда кеңири жайылган.

Wired басылмасы белгилегендей, Roblox 2019-жылы күн сайын 32,6 миллион активдүү колдонуучуга ээ болсо, 2020-жылы бул сан дээрлик 50 миллионго жеткен. Roblox’тун атактуу болуусуна себеп болгон негизги факторлордун бири - анын жеткиликтүүлүгү. Оюнду телефон, планшет же компьютер аркылуу ойноого болот. Платформа социалдык оюн катары каралат. Оюндар онлайн режиминде ойнолуп, интернетсиз иштебейт. Колдонуучу дүйнөнүн каалаган бурчундагы адам менен ойноп, баарлаша алат.

Колдонуучулардын саны боюнча, эң көп оюнчу АКШда. Жалпы оюнчулардын 20 пайызын түзсө, ал эми Филиппин - 11,85 пайызды түзөт. Андан кийинки орунда Латын Америкасы менен Азия өлкөлөрү турат.

роблокс.webp

Платформанын негизги максаты

Платформанын максаты - колдонуучуларга чыгармачылык, баарлашуу жана оюн ойноо үчүн аянтча менен камсыз кылуу. Муну менен катар киреше булагын түзүү.

2017–2024-жылдары Roblox АКШнын ИДПсына 1,62 миллиард доллар салым кошкон. Ошол эле маалда платформадагы жаратуучулар 416 миллион доллар салык түшүмдөрүн камсыз кылышкан. Жаратуучулар 2024-жылдын март айынан тарта 2025-жылдын мартына чейин 1 миллиард доллардан ашык киреше алышкан.

Платформанын өзүнүн валютасы бар. Ал Robux валютасы. Аталган валютаны платформанын колдонуучулары кадимки акчага сатып алышат. Бул каражатка алар аксессуарларды, оюндагы бонусторду, жеке серверлерди жана башка элементтерди алуу үчүн колдонушат. Платформанын негиздөөчүлөрү аксессуарларды сатууда, жазылуулардын акчасынан, премиум төлөмдөрдөн, ошондой эле жарнамадан киреше табышат.

роблокс 4.webp

Сыртынан караганда платформа коопсуз көрүнүп, кадимки онлайн оюндарды камтыган жөнөкөй тиркемедей таасир калтырат. Бирок, Roblox'тун терс жактары да жок эмес. Айрым өлкөлөрдө анын коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулар жаралып, платформага бөгөт коюлган.

Чет мамлекеттердеги абал

Алсак, жакында эле Россияда Роскомнадзор аталган платформага болгон жеткиликтүүлүктү чектеди. Роскомнадзордун маалыматы боюнча, платформада экстремисттик материалдар, мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар, ЛГБТ тематикасы жана балдардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизүүчү контент аныкталган. Оюндун ичинде террордук акцияларды, мектепке кол салууну жана кумар оюндарын аткаруучу болууга шарттар түзүлгөн.

роблокс 8.webp

Ошондой эле оюнда балдар сексуалдык куугунтукка кабылышат, анткени Roblox педофилдер арасында популярдуу. Платформанын ички модерация системасы тыюу салынган материалдардын таралышына толук көзөмөл жүргүзө алган эмес. Мындан улам Роскомнадзор 2025-жыл бою Roblox администрациясына тыюу салынган материалдарды өчүрүү талабы менен эскертүүлөрдү жөнөткөн.

Мындан сырткары Roblox учурда Кытай, Иордания, Алжир, Иран, Катар, Кувейт, Йемен, Түркия жана Ирак сыяктуу бир катар өлкөлөрдө да бөгөттөлгөн.

2024-жылдын август айында Түркия Roblox платформасын бөгөттөгөн. Мунун себеби катары “балдарды эксплуатациялоого алып келиши мүмкүн болгон контенттин” бар экенин көрсөткөн.

роблокс 5.jpg

Платформа эмнеси менен кооптуу?

Платформанын тез өсүшү жана дүйнө жүзүндөгү өспүрүмдөр арасында абдан популярдуу болушу терс жагдайларды да жаратты. Себеби, колдонуучу тарабынан түзүлгөн көптөгөн долбоорлордун арасында тынчсыздануудан тартып зордук-зомбулукка чейин терс темалары бар оюндар пайда болууда.

2024-жылдын ноябрында The Guardian басылмасы эксперимент жүргүзгөн. Басылманын кабарчысы сегиз жашар баланын атынан платформага кирип, ата-эненин көзөмөлү иштетилгенде да, терс мазмундагы оюндарга кирүү мүмкүн экенин аныктаган.

Ал башка колдонуучулардын сексуалдык ыдыгына жана интернеттеги кибербуллингге кабылган. Мындан тышкары изилдөө учурунда балдардын аккаунттарынан зомбулук, коркунучтуу окуялар кумар оюндары сыяктуу контенттерге кирүүгө мүмкүн экени аныкталган. Мындай оюндарда балдарга белгисиз чоңдордон билдирүүлөр келип турат.

The Guardian басылмасына маек берген ата-энелер да оюндун айынан үй-бүлөлүк кирешеге зыян келип жатканын белгилешкен.

Roblox дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө сынга алынып, соттук доолорго кабылып келет. АКШда платформанын үстүнөн арыз жазгандар көп.

Мисалы, 2024-жылдын сентябрь айында 16 жаштагы уулу өз жанын кыйгандан кийин Бекка Даллас аттуу аял Roblox компаниясын сотко берген. Ал компанияны мыйзамсыз аракеттерге жана шалаакылыкка айыптап, бул уулунун өлүмүнө себеп болгонун билдирген. Баласы 7 жашынан бери Roblox платформасынын активдүү колдонуучусу болгон. Кийинчерээк баланын психологиялык абалы начарлап, өзүнүн айтымында, теңтуш оюнчу тарабынан шантажга кабылгандан кийин өзүн жаман сезе баштаган. Мындан улам ал өзүнө кол салган. Жергиликтүү полицияда иликтөө жүргүзгөндө, ал колдонуучу чындыгында 37 жашта болуп, өспүрүмдөн сексуалдык мүнөздөгү сүрөттөрдү талап кылган.

роблокс 9.jpg

Платформа Кыргызстанда да дал ушундай эле көрүнүштү жаратып жатат.

роблокс 10.jpg

Бишкек шаарынын тургуну Динара Тасипбаеванын айтымында, анын төрт баласы тең бул платформанын активдүү колдонуучусу.

“Балдарым бул платформага киргенден кийин, эч нерсеге кызыкпай калышты. Сабак окууга да кызыгуусу жок. Баарынын телефондорунан платформаны өчүрүп койдум. Мурун биз досторубуз менен жолукканда, физикалык ар түрдүү оюндарды ойночубуз. Азыр андай эмес. Достору же туугандардын балдары менен көрүшкөндө дагы ушул оюнду ойношот. Оюнга киргенде чыныгы реалдуулуктан алыстап кетишет. Тамак да жебей калышат. Биздин өлкөдө да платформага болгон жеткиликтүүлүктү бөгөттөп коюшса жакшы болмок. Балдар балким, телефонго да кызыкпай калышат беле”,-деди ал.

роблокс 12.jpg

Кыргызстанда дагы бул платформага бөгөт коюу боюнча ИИМдин кылмыш-иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Самат Алсейитов буларды белгиледи.

Анын айтымында, Ички иштер министрлиги платформаны жабуу демилгесин колдойт.

“Анткени бул оюнда ар түрдүү максаттагы ар кандай адамдар ойнойт. Көп учурда балдар интернет мейкиндикте көзөмөлсүз жүрүшөт жана ар кандай манипуляцияларга дуушар болушу мүмкүн. Мисалы, айрым учурларда балдар башка оюнчулар тарабынан алдоо жолу менен “жаңы оюнчу алып кел” деген шылтоо менен кибер алдамчыларга ата-энесинин банк карталарынын сүрөттөрүн жиберишкен. Натыйжада, ошол карталардан бардык акча каражаттары жоголгон учурлар катталган”, - деди ал.

Муну менен катар ИИМ ата- энелерди балдар арасында абдан популярдуу болгон Roblox онлайн оюнунун коркунучуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

Өз балдарыңызды коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактаңыздар:

  • балдарыңыздын кандай оюндарды ойногонун көзөмөлдөңүз;
  • алар интернетте ким менен сүйлөшөрүн билип туруңуз;
  • онлайн оюндарда өткөрүлгөн убакытты чектеңиз;
  • мобилдик түзмөктөрдө ата-эне көзөмөлүн колдонуп туруңуз;
  • балдарыңызга көбүрөк убакыт бөлүп, сиздин коргооңузда экенин билдирип туруңуз.

Мындай аракеттер аркылуу гана сиз балаңызды виртуалдык дүйнөнүн коркунучтарынан сактап кала аласыз.