Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. 2020-жылдан 2025-жылдын сентябрына чейинки мезгилде үрөнчүлүк тармагына бөлүнгөн мамлекеттик дотациялардын натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугу жетишсиз экени жана бир катар системалык кемчиликтер аныкталды.
Атап айтканда, 2022–2025-жылдары каралган каражаттын болгону 30,7 пайызы (166,7 млн сом) колдонулган. Жалпысынан бул мезгилде тармакка 197,5 млн сом багытталган.
“Үрөн чарбалары дыйкандардын муктаждыгын болгону 13,5 пайызга камсыздаса, мамлекеттик дотациянын алкагында таратылган үрөндөрдүн үлүшү болгону 3 пайызды түзгөн. Ошондой эле дотациялык программага киргизилген үрөндүн 63,6 пайызы гана сатылган”, — деп айтылат маалыматта.
Эсептөө палатасы дотациялардын натыйжасыз болушуна дыйкан-фермерлердин маалымдуулугунун төмөндүгү, тийиштүү мониторинг жана көзөмөлдүн жоктугу себеп болгонун белгилейт. Ошондой эле айрым учурларда каражаттар бюджеттик мыйзамдарды бузуу менен алдын ала бекитилген сметасыз каржыланганы аныкталды.
Аудиттин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга дотациялоо механизмин жакшыртуу, мониторингди күчөтүү жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.