Рекорддук көрсөткүч: Жыл башынан бери 426 чакырым жол асфальтталды

Экономика Загрузка... 16 Июнь 2026 08:50
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.42.34 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Кыргызстан жол курулушунда рекорддук көрсөткүчкө жетишти. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 426 чакырым унаа жол толугу менен асфальтталды.

Белгиленгендей, бул жылдын көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 234 чакырымга көп. 2025-жылдын июнь айына карата өлкө боюнча 191,5 чакырым жол асфальтталган.

"Учурда транспорттук-логистикалык потенциалды жогорулатуу, жол коопсуздугун камсыздоо жана аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол куруу жана реконструкциялоо иштери өлкө боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жол курулушу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик өлкө аймагындагы стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдорду оңдоо жана куруу иштерин күчөтүлгөн тартипте улантууда.