Рейддин жыйынтыгы: Кытай картошкасы жергиликтүү продукция катары сатылган эмес

Коом Загрузка... 18 Март 2026 16:35
2a816774-a2fe-4a41-9aa5-0ba71244303e.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда Кытайдан келген картошка жергиликтүү картошка катары сатылган эмес. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин рейддик иш-чараларынан кийин белгилүү болду.

Белгилей кетсек, буга чейин министр Эрлист Акунбеков жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде бир катар тапшырмаларды берген. Айрыкча Кытайдан импорттолгон картошканы жергиликтүү продукция катары сатуу фактыларын аныктоо негизги максаттардын бири катары белгиленген.

Буга байланыштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Бишкек жана Ош шаарларында ички рыноктогу картошка сатуу абалына мониторинг жүргүздү. Анын жыйынтыгында Кытайдан алып келинген картошкалар өлкө рыногунда бар экендиги аныкталды.

"Бирок алар жергиликтүү, башкача айтканда, кыргыз картошкасы катары сатылбагандыгы белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Ветеринардык көзөмөл кызматы картошканы кампада сактап отурган дыйкандарга продукцияны өз убагында сатууну сунуштайт.

Адистер жакынкы күндөрү Араван районунда өстүрүлгөн эрте жазгы картошка сатыкка чыга баштай турганын белгилешет. Ошондуктан продукцияны узак убакыт сактоо чирип кетүү коркунучун жаратат жана дыйкандар күткөндөй киреше таппай, тескерисинче, чыгымга учурашы мүмкүн.