Бүгүнкү күндө баңгизаттардан көз каранды болгон адамдардын саны дүйнө жүзүндө көбөйүүдө. Кыргызстанда да бул көйгөй өзгөчө жаштар арасында кеңири тарап, коңгуроо кагууну талап кылууда. Синтетикалык баңгизаттардын таралышына интернеттин ролу абдан чоң. Алар көбүнчө онлайн сатылып, жашыруун жерлерге сакталып, андан соң кардарларга жеткирилет. Бул ыкма сатуучуларды аныктоону жана кылтакка түшүрүүнү кыйындатат.

Синтетикалык баңгизаттардын таралышы коомдук саламаттыгына чоң коркунуч туудурат. Негизги коркунуч алардын курамы белгисиз болуп, адамдын психикасына жана ден соолугуна тез жана кайтарылгыс зыян келтире турганында. Синтетикалык баңгизатты бир эле жолу колдонуу адамдын психикасына жана ден соолугуна оор таасир берип, кайра калыбына келүү абдан кыйынга турат. Мындай заттар адамды бат эле көз каранды кылып, чындык менен жалганды айырмалай албай турган абалга жеткирет. Акыл-эсинин бузулушу, агрессия, коркунуч сезими, уйкусуздук же тескерисинче, эс-учун жоготуу өңдүү белгилер байкалат. Мындай абалдагы адамга жөн гана кеңеш же дары жетишсиз. Ошондуктан, реабилитациялык борборлорду куруу жана кеңейтүү - бул маселе менен системалуу күрөшүүнүн эң негизги жолу. Андай борборлордо көз каранды адамдарга медициналык, психологиялык, социалдык жардам көрсөтүлүп, алар коомго кайра кошула турган шарттар түзүлөт.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун кеңеш берүү жана диагностикалык бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Алимованын айтымында, буга чейин өлкөдө реабилитациялык борбор болгон, бирок азыр жок. Бүгүнкү күндө мындай борборлорго муктаждык чоң.

“Мындай борборлорду түзүү жана кармоо мамлекеттен олуттуу каражатты талап кылат. Ушундан улам буга чейин ачылган айрым борборлор жабылып калган. Бирок, мындай реабилитациялык борборлор бизге абдан керек. Себеби, бейтапты дарылоо бир гана организмди уулануудан тазалоо же дарыларды, уколдорду берүү менен чектелбейт. Мисалы, бул этап 5-10 күнгө чейин эле созулат. Бирок, бул менен адам толук айыгып кетпейт. Баңгизаттан толук айыгуусу үчүн узак мөөнөттүү медициналык, психологиялык жана социалдык жардам талап кылынат. Реабилитациялык борборлордо бейтаптар 4 айдан 6 айга чейин дарыланышат. Бул убакыт аралыгында бир топ каражат керек болот. Баңгизатка көз карандылык физикалык гана эмес, психологиялык оорунун дагы терең түрү. Көпчүлүк "асма укол алып, канымды тазаласам эле баңгизаттан кутулам" деп ойлошот. Бирок, бул жетишсиз. Мурда бейтаптарга жеке жардам берүү эң жакшы ыкма деп эсептелсе, азыр болсо тайпалык психологиялык колдоо ыкмасынын натыйжалуулугу далилденди. Ошондуктан тайпалык негизде реабилитациялык борборлордо иш алып баруу эффективдүү болмок.

Реабилитациялык борборлордун негизги максаты - адамды физикалык, психикалык жана социалдык жактан калыбына келтирүү. Алар төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүшөт:
- Медициналык жардам. Детоксикация, организмден наркотик калдыктарын чыгаруу, дары-дармек менен дарылоо;
- Психологиялык колдоо. Психолог жана психотерапевттер менен иштөө, көз карандылыктын себептерин түшүнүү жана андан арылуу;
- Коомдук адаптация. Эмгекке кайрадан кайтып келүү жана жаңы көндүмдөрдү үйрөтүү, коомго кайтаруу.
Баңгизат колдонгон адамга коом көбүнчө жашоого болгон үмүтү жок адам катары каралат. Бирок, реабилитациялык борборлор мындай адамдарга экинчи мүмкүнчүлүк берет. Борбордо үмүтүн үзүп жашоодон баш тарткан адамдарга үмүт, күч жана жаңы максат тартуулайт”,-деди ал.
Ал эми Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Усенов белгилегендей, коомду, үй-бүлөнү жана келечекти унуттуруп, адамды азапка, жалгыздыкка, оорууга жана акыры өлүмгө жетелеген бул коркунуч менен күрөшүүдө реабилитациялык борборлор негизги ролду ойнойт. Борборлор жабыркагандар үчүн кайрадан жашоого кайтуунун, коомго адаптация болуунун жана ден-соолугун калыбына келтирүүнүн бирден-бир жолу болуп саналат.

“Бүгүнкү күндө тилекке каршы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын реаблитациялык борборлор жок. Болгону наркологиялык жана психиатрия бөлүмү бар. Булар детокс терапия гана кылып келишет. Алар синтетикалык баңгизат менен жабыркаган адамды убактылуу эле дарылай алышат. Учурда республика боюнча 15 жеке реабилитациялык борбор бар. Булар жеке болгондуктан, ал жакта жарандар кандай ыкма менен дарыланып жатышат же толугу менен айыгып жатышабы деген суроолорго жооп ала албайбыз. Аталган борборлордо баңги менен жабыркагандар 70 миң сомдон 100 миң сомго чейин дарыланышат. Мындай каражат ар бир эле адамда боло бербейт. Капчыгы жукалар дарылана албай, кайрадан эле синтетикалык баңгизатка көз каранды болуп жүрө беришет. Эгерде бул борборлор мамлекеттик болуп түзүлсө, мамлекеттик саясат жүргүзүлмөк жана Саламаттык сактоо министрлигинде баңги кырдаалы боюнча маалымат болмок. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги дагы тагыраак маалымат алып бармакпыз. Ал эми карапайым адамдар толугу менен дарыланып чыгышмак”,-деди ал.

Саламаттык сактоо тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова баңгизатка көз каранды болгон жарандар үчүн реабилитациялык борборлордун зарылдыгын баса белгилейт. Анын айтымында, мындай борборлор бир нече маанилүү себептерден улам сөзсүз керек.

“20-30 жыл мурун Кыргызстанда негизинен инъекциялык баңгизат колдонгондор болгон, азыр аларды "классикалык баңгилер" деп аташат. Бирок, бүгүнкү күндө дүйнөдө 23миң ден ашык психоактивдүү зат бар, ал эми Кыргызстанда алардын аз гана бөлүгү көзөмөлдө. Укук коргоо жана бажы кызматтары алардын көбүн аныктай албай жатышат. Бул жаңы баңгизаттар коом үчүн чоң коркунуч туудурат. Ошондуктан, биз азыр дүйнөлүк рынокту толук изилдешибиз керек. Бүгүнкү күндө баңгизатка көз карандылык жашарып кетти. Мурда мындай көйгөй негизинен чоң адамдарда болсо, азыр 11–13 жаштагы өспүрүмдөр да синтетикалык баңгизаттарга көз каранды болуп калышууда. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Өспүрүмдөр көп учурда сатуучу же ташуучу катары колдонулуп, баңгизаттарды бири-бирине жеткирип беришет. Алар чек арадан оңой өтүп, көзөмөлдөн качышат. Бул көрүнүштү аныктоо жана алдын алуу өтө кыйын.
Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсү жаңы, жашыруун формага өтүп, укук коргоо жана саламаттыкты сактоо органдарынын аракеттери жетишсиз болууда. Ошондуктан реабилитациялык борборлор өтө маанилүү. Алар аркылуу балдардын абалын эрте аныктап, жардам берүү жеңил. Кээде өспүрүм бала реанимацияга түшүп калат, бирок дарыгерлер анын эмнени колдонгонун, абалынын себебин так аныктай албай калышат. Симптомдору түшүнүксүз болуп, классикалык белгилерге дал келбейт. Мындай учурда бейтапты кайсы бөлүмгө жеткирүү керектиги белгисиз болуп калат. Тез жардамбы, токсикологиябы же башка багыттабы – так айтуу кыйын.
Бул – синтетикалык баңгизаттардын эң кооптуу жагы. Алардын таасири ар кандай, адамга бат эле көз карандылык жаратат. Айрым заттар бир эле жолу колдонгондо эле көз карандылыкты пайда кылат. Ушундай кырдаалдарда клиникалык протоколдордун болушу, көзөмөл жана ведомстволор аралык координация абдан маанилүү.
Реабилитациялык борборлор мында чоң роль ойнойт. Алар оорулууларды дарылап гана тим болбостон, статистикалык маалыматтарды чогултууга, бейтаптарга туура мамиле кылууга, социалдык жактан кайра калыбына келтирүүгө жардам берет. Мындай борборлор коомчулукту колдоодо да маанилүү. Анткени, баңгизаттан жапа чеккен адамга коом көбүнчө терс мамиле кылат. Бул өз кезегинде анын кайрадан баңгизатка кайтып кетишине себеп болот. Реабилитациялык борбордо болсо ал психологиялык жактан колдоо алып, кайра коомго кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ошондой эле мындай борборлордо билимдүү, тажрыйбалуу дарыгерлердин жетишсиздиги көйгөй бойдон калууда. Ошондуктан, бул багытта атайын адистерди даярдоо жана күчтүү кадрлар менен камсыз кылуу өтө зарыл. Алардын дарылоо ыкмаларын эл аралык стандарттарга ылайыкташтырып иштеп чыгуу керек”,- деди ал.
Белгилей кетсек, Республикалык наркология жана психиатрия бөлүмүндө 2025-жылдын 9 айында жалпысынан 3 миң 767 адам дарыланса, анын 43ү баңгизатка көз каранды болгон. Алардын 43үнүн 20сы анонимдүү түрдө даарыланган.