Рамис Жунусалиев депутаттыкка талапкерлигинен баш тартты

Коом Загрузка... 10 Апрель 2026 15:50
photo_7_2026-04-10_14-41-37 (1).jpg
copyright icon БШК

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рамис Жунусалиевден талапкерлигинен баш тартуу тууралуу арызы БШКга келип түшкөн.

Ага ылайык, бүгүн Боршайком жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рамис Жунусалиевдин арызын карап, каттоосун жокко чыгарды.

БШКнын маалыматында белгиленгендей, Жунусалиев №19 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер болгон.