Рак илдети өкүм эмес! Онкологияны жеңген балдардын көргөзмөсү ачылды

Коом 450 02 Июнь 2026 16:40
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.15 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.15 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.15 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.15 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.08 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.08 (1).jpeg
WhatsApp_Image_kWx56gZ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_wIbTvR8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.29.08.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде "Тамыр: бабалар мурасындагы эрк күчү" аттуу маданий-социалдык долбоордун көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү.

Көргөзмөнүн башкы каармандары — оор онкологиялык илдеттерди жана турмуштун кыйын сыноолорун эрктүүлүк менен жеңип чыккан балдар.

Балдар "Кийиз дүйнө" коомдук фонду жана "Atalar_izi" этно-фотокөркөм студиясы тарабынан даярдалган ата-бабалардын нукура улуттук кийимдерин кийип, фотосессияга катышкан. Бул терең фотообраздар аркылуу маданий мурас, каада-салт жана тарыхый эс тутум өсүп келе жаткан муунга ишенимдүү тирек жана жашоо булагы экени чагылдырылат.

"Бул долбоордогу балдар — нагыз баатырлар. Алардын көзүндөгү от жана улуттук кийимдердеги бекемдик ата-бабаларыбыздын руху бүгүн да жашап жатканын далилдеп турат. Биз маданиятыбыз жана каада-салтыбыз аркылуу балдардын ички дүйнөсүнө дем берип, коомго үмүт тартуулагыбыз келди. Салттуу кийимдер жөн гана кездеме эмес, бул — оор сыноолорду жеңүүгө күч берген терең тамырыбыз жана генетикалык кодубуз", — деп белгиледи Кыргызстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева.

Иш-чаранын башкы максаты — учурда онкологиялык оорулар менен күрөшүп жаткан башка балдарга жана алардын ата-энелерине моралдык колдоо көрсөтүү, рак илдети өкүм эмес, аны жеңсе болорун коомчулукка далилдөө болуп саналат.