Прокурордук чара: Ишкерге 700 миң сом кепилдик төлөмү кайтарылды

Коом Загрузка... 05 Июнь 2026 17:35
1051379295_0_147_2731_1683_1920x0_80_0_0_efe174a48094b62a1b25462d4b977dbc (1).jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Прокурордук чаралардын негизинде ишкерге кепилдик төлөмү кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкердин акча каражаттарын кайтарып алууга мыйзамдуу негиздери болгонуна карабастан, анын бир нече жолку кайрылуулары узак убакыт бою Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан каралбай келгендиги аныкталган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде ишкердин укуктары толук калыбына келтирилип, мамлекеттик орган тарабынан негизсиз кармалып турган 692 миң 800 сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдүн кайтарылышын камсыз кылды.

Ошондой эле мыйзам бузууларга жол берген жооптуу кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылды.