Прокуратура жана фискалдык органдардагы наамдар жоюлабы?

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 12:45
863486_RuPcxIW.7725.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитетинин жыйынында "КР прокуратурасы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" долбоор жана "Атайын наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Курванбек Авазов атайын наамдарды жана атайын класстык чендерди белгилөө чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдар аскер кызматкерлерине таандык болгон айрым айырмалоо белгилерин (беш бурчтуу жылдыздары бар погондор) негизсиз колдонууга алып келгенин белгиледи. Алар негизинен жарандык функцияларды аткарган мамлекеттик кызматкерлердин формалык кийимдеринде колдонулган.

Мыйзам долбоорунун максаты салык, бажы органдарынын (айрым бөлүмдөрдү кошпогондо), ошондой эле прокуратура органдарынын (аскер прокуратурасынан тышкары) кызматкерлеринин аларды кийүү укугун алып салуу жолу менен көрсөтүлгөн айырмалоо белгилерин колдонууну тартипке келтирүү болуп саналат. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн ээлеген даражасына ылайык келген атайын класстык чиндердин системасы сакталат (мисалы, 3-класстагы юстиция кеңешчиси), ошол эле учурда аскерлештирилген атайын наамдарды ыйгаруу жоюлат», - деп белгиледи.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Башкы прокуратура мыйзам долбоорундагы прокуратура органдарына тиешелүү сунушталган ченемдер менен макул эместигин айтып, бул прокуратура органдарынын институционалдык көз карандысыздыгына терс таасирин тийгизерин билдирди.